Кечээ саат 18:24 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында Бишкек – Ош унаа жолунда көлөмү 2200 м3  кар көчкү түштү.

ӨКМ билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-224-чакырымдарында жалпы көлөмү 3100 м3 кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

Жабыр тарткандар жок.