ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Норвегия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оле Йохан Бёрнойду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар бир катар маселелер боюнча ой бөлүшүп, айрыкча эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу сүйлөштү.

Турсунбеков Бишкектеги Норвегия Королдугунун ардактуу консулдук мекемесинин ачылышы менен куттуктап, кыргыз-норвег өнөктөштүгүн өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи.

Өз кезегинде эки мамлекет ортосундагы достук мамилелеринин жакшы деңгээлде өнүгүп жатканын айткан элчи Оле Йохан Бёрной, норвег тарап Кыргызстандагы парламенттик демократияга жакшы көңүл буруп жатканына токтолуп, Бишкектеги консулдук мекеменин ачылышы аркылуу Кыргызстан менен болгон байланыштар жемиштүү улантылаарын айтты.

Андан тышкары, тараптар парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да баарлашты. Жогорку Кеңештин Төрага Чыныбай Турсунбеков баардык деңгээлдеги саясий сүйлөшүүлөрдү күчтөндүрүү зарылчылыгы тууралуу айтты.

«Парламенттер аралык жана башка саясий байланыштар эки мамлекет ортосундагы өз ара кызматташуунун негизги фактору болуп берерине ишенем»,-дейт.

Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков парламентчилердин эки өлкө боюнча таанышуу сапарларын уюштурууну сунуштады.

Төрага Чыныбай Турсунбеков экономикалык байланыштар жөнүндө соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыкты жогорулатуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Салык төлөмдөрү жаатында Кыргызстанда ири жеңилдиктер бар экенин айткан элчи Оле Йохан Бёрной норвегия тараптын кыргыз айыл чарба азыктарын Норвегияга экспорттоо ниети бар экенин маалымдады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков болсо кыргыз тарап да бул боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди көрөрүн белгилеп, салык төлөмдөрүн жогорулатпастан, салык базасын кеңейтүү иштери аткарыларын кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда Кыргызстандагы тоо туризмин өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери каралды.

Бөлүшүү