Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда кармалган 9,5 миллион доллар ФЕТО уюмунун (түрк бийлигинин маалыматы боюнча Фетуллах Гүлендин террордук уюму) мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Milliyet басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, акча уюмдун камакка алынган жана жумушсуз калган мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн.

18-ноябрда аэропорттун каржылык кылмыштарга каршы бөлүмү өлкөгө кирген акчаны текшерүү маалында кыргызстандык, өзбекстандык эки жаран жана беш түрк жараны кармалганын кабарлаган.

Алар ФЕТО уюмуна тиешеси бар деген шек менен сурака алынган. 9,5 миллион доллар мамлекеттик казынага өттү. Кармалгандардын сурагы уланууда.

Быйыл жайында Түркияда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракети үчүн бийлик бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Ага тиешелүү ишмердүүлүктү ФЕТО деп атап, экстремизмге айыптоодо.

Бөлүшүү