Президент Алмазбек Атамбаев конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча конституциялык палатанын азыркы иштери тууралу маалымат берилди.

Атамбаев жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сапаттуу жактоо үчүн конституциялык көзөмөлдүн жогорку органынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, мамлекеттин адилеттигине адамдардын ишенимин бекемдөө аркылуу гана укуктук мамлекетти куруу идеясын жана демократиялык реформаларды шайма-шай  жүзөгө ашыруу мүмкүн.

Бөлүшүү