Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн өлкөдө көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча маселени тийиштүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда талкуулады.

Жыйында монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мырза Жаманбаев республика боюнча көмүрдүн баасы тууралуу маалымат берди.

Азыркы тапта көмүрдүн 1 тоннасы кенден 1300 сомдон чыкса, башка аймактарда 4 миң сомго чейин, ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 5 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

Жыйын жүрүшүндө Мухамметкалый Абулгазиев өлкө аймактарында көмүр сатууну мамлекеттик базаларды уюштуруу менен жеке сатуучулардын колуна өткөн көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди.

Соңунда Биринчи вице-премьер-министр тийиштүү жетекчилерге көмүрдүн баасын оптималдаштыруу максатында чукул чараларды көрүүнү, ошондой эле көмүрдүн баасын көтөрүү себептерин иликтеп, келечекте көмүрдү мамлекеттик базалар аркылуу аймактарга таратуу боюнча тез арада сунуш киргизүүнү тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү