22-24-ноябрда Бишкекте «Контрацепция боюнча кызмат көрсөтүүдө адам укуктарынын сакталуусу:  жайылтуудагы  жетекчиликке алынчу жагдайлар» темасында аймактык семинар өтүүдө.

Ага ЖКнын, Казакстандын парламентинин депутаттары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, Кыргызстан жана Казакстандын Акыйкатчылары, жарандык коомдун, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү катышууда.

Аталган семинар  репродуктивдүү саламаттык тармагындагы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн кепилдигин камсыз кылуу маселелерине арналган. Бул маселе калкты жайгаштыруу боюнча Эл аралык Конференциянын программасында, Аялдарга карата дискриминацияга бөгөт коюу Конвенциясында жана аракеттердин Пекин платформасында камтылган.

Бул максаттарга жетү үчүн БУУнун калкты жайгаштыруу боюна Фонду «Кокустук эмес, тандоо жолу» Үй-бүлөнү пландаштыруу 2020 Глобалдык Стратегиясын кабыл алган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо комитетинин аймактык комитети 2016-жылдын 66 жыйынында Европадагы сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык тармагында БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча Фонду менен бирге  иш-чараларды кабыл алган. Муну менен репродуктивдүү саламаттык боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетишүүнү камсыз кылуу максаты көздөлгөн.

Аталган семинарда  калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Улуттук комитеттин башчысы, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев да сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин маселени тереңден түшүнбөгөндүгү аталган маселеде прогресске жетишүүгө тоскоол жараткан башкы факторлордон болуп жатканын белгиледи. Нормативдик-укуктук базанын чийкилиги, медициналык кадрлардын даярдыктарынын начардыгы, элде контрацепция ыкмалары боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтардын жетишсиздиги, канааттандырарлык эмес материалдык база, элдин маалымат менен камсыз болуу фонундагы жакырчылык ж.б.у.с. жагдайлар үй-бүлөнү пландаштырууга байланышкан маалыматтарга жетүүнү чектеп келүүдө.  Ошондой эле элдин контрацепция каражаттарын пайдалануусуна өлкөнүн сырткы донорлорго көз карандылыгы негизги тоскоолдук бойдон калууда.

«Өлкөнүн парламенти  аялдардын саламаттыгын бекемдеп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн  үй-бүлөнү пландаштыруунун мааниси чоң экенин жакшы түшүнөт. Биз калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү комитетинин мүчөлөрү үй-бүлөнү пландаштыруу маселесин бир канча жолу талкуулап, 2017-2019-жылдардагы иш планыбызга киргизгенбиз. Мен бул максат үчүн бир канча ирет контрацепттик препараттарды сатып алуу үчүн каржы бөлүүнү сурангам. Биз, саламаттыкты сактоо министрлиги жана милдеттүү камсыздандыруу Фонду менен биргеликте бул багыттагы иштерди улантып, натыйжаларга жетишебиз деп ойлойм. Мен семинардын катышуучуларын активдүү болуп, үй-бүлөнү пландаштыруу маселесинде кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдөгү адам укуктарынын сакталуусу боюнча маселени талкууга алууга чакырам», — деди Осмонбек Артыкбаев.

Белгилей кетсек, үй-бүлөнү пландаштыруу Кыргызстандагы көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. 2012-жылкы медико-демографиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында үй-бүлөнү пландаштырууга болгон зарылдык 19 %ды түзөрү анык болгон. Ошондуктан аймактык семинар бул маселедеги биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуунун платформасы болуп калары талашсыз.