ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети  «Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган КМШ катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Келишимдин шарттарына ылайык, Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттер ар кандай себептерден улам өз аймагында кармалган эрезеге жетелек 8 жашка чейинки балдарды туруктуу жашаган өлкөсүнө кайтарып берүүгө милдеттенет. Бул келишим КМШ мамлекеттеринин парламенттери тарабынан мыйзам түрүндө ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү