Бүгүн ЖК жыйынында айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова бошогон комитет төрагасы кызмат орундарына парламенттик фракциялардан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалымат берди.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында тармактык комитеттеринин төрагалыгына төмөнкү талапкерлер шайланды:

  • Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана салматтык сактоо боюнча комитеттин төрайымы – Гүлкан Молдобекова (КСДП фракциясы);
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы – Айтмамат Назаров («Кыргызстан» фракциясы);
  • — Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы – Аскарбек Шадиев  («Бир Бол» фракциясы);
  • — Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы –   Таабалды Тиллаев («Республика – Ата Журт» фракциясы);
  • — Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы — Мирлан Жеенчороев (“Республика – Ата Журт”).