Жакында Түркиянын аэропортунда Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып чыккан 9 млн доллардан ашуун накталай акча кармалды.
Бул бизде мыйзамсыз табылган каражаттарга көзөмөл жүргүзүлбөй калганынан кабар берет. Каржы чалгыны баштаган тиешелүү кызматтар кайда карап отурат? Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Түркия менен мамиле татаалдашып барат. Мындай контрабанда менен Кыргызстан эл аралык абыроюна шек келтирип жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө мынчалык өлчөмдөгү накталай акча болбойт. Бизде миллиондогон доллар арам акчаны мүшөккө салып чет өлкөгө мыйзамсыз ташып жүрүшөт. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөт көзөмөлдү күчөтүшү зарыл», — дейт эл өкүлү.