Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды.
Министр ведомствонун 10 ай ичиндеги аткарган ишинин жыйынтыгы, тактап айтканда, транспорт тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана анын ишин оптималдаштыруу боюнча жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдады.
Өкмөт башчы ведомствонун жаңы жетекчилиги астына Жалал-Абад, Исфана жана Каракол шаарларына авиакаттамдарды ачуу жана атамекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгаруу сыяктуу бир катар милдеттерди койду.
«Транспорттук тейлөө коопсуздугуна жана сапатына карата талаптардын өсүүсүн эске алуу менен өлкө калкынын жол жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жакынкы мезгилде Тамчы шаарындагы аэропорт жылы бою иштеп, күнү-түнү каттамдарды кабыл ала баштайт. Бул өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.
Премьер-министр маанилүү маселелердин бири катары республикадагы бардык автовокзалдарды тартипке келтирүү болуп саналат. Ал үчүн мамлекеттик ишкана түзүү пландаштырылууда, ага өлкөнүн жалпы автовокзалдары кирет.
Буга катар Сооронбай Жээнбеков кайталанма түзүмдүк подразделениелерди кыскартуу мүмкүндүгүн кароону, облустардагы өндүрүштүк линиялык унаа жолдор башкармалыктарынын иш процессин жакшыртууну тапшырды.
Өкмөт башчы транспорт жана жолдор министрлиги кыш мезгилинде ашуулардан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн шарттарды түзүү менен жол коопсуздугун камсыздоосу зарылдыгын баса белгиледи. Жээнбеков билдиргендей, бардык пландаштырылган чараларды ишке ашырууда ведомствонун каражаты жетиштүү.