ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарынын алкагында жолугушту.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Сайдолимжон Жураев катышты.
Каада-салты, дини, дили жана маданий баалуулуктары окшош келген боордош кыргыз-казак элдеринин учурдагы байланыштары тууралуу ой бөлүшкөн тараптар, достук мамилени баардык тармакта жайылтуу маселелерине токтолушту.
Турсунбеков эки өлкө парламенттерине коюлган эң башкы талап эзелки калыптанган байланыштарды өркөндөтүү экендигин белгиледи.
«Акыркы учурларда кызматташтыкты арттыруу багытында бир топ иштер аткарылды. Алсак, ушул жылдын 17-октябрында кыргыз жарандарынын Казакстан аймагында каттоосуз 30 күн, ал эми казак жарандарынын Кыргызстан аймагында 90 күн жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн келишимдин протоколуна кол коюлган. Андыктан, аталган келишимди ратификациялоону тездетүү зарылчылыгы турат», — деди.
Өз кезегинде Нурлан Нигматулин да боордош эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууга парламенттер аралык кызматташтыктын таасири чоң экендигин белгилеп, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен биргеликте чечүүгө болорун кошумчалады.
Мындан сырткары, жолугушууда маданий-гуманитардык жана билим берүү жаатындагы алакалар тууралуу да сөз болуп, тараптар кыргыз-казак ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө түзүлгөн келишимдин 20 жылдыгына жана дипломатиялык байланыштардын калыптангандыгынын 25 жылдыгына карата кийинки жылы Казакстан маданият күндөрүн Кыргызстанда, ал эми 2018-жылы Кыргызстан маданият күндөрүн Казакстанда өткөрүүнү сунушташты.