Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн 2016-жылдагы жайкы туристтик сезонду жыйынтыктоо жана кышкы сезонду баштоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында вице-премьер-министр өлкөдө туризмди өнүктүрүүдө Ысык-Көл облусуна гана эмес, республиканын бардык аймактарына басым жасоо керектигин билдирди.
«Турзмди өнүктүрүүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын облустарындагы чет элдиктер кызыга турган тарыхый жайларды да эске алуу керек. Келерки жылдын 1-январына чейин ар бир облустун жетекчиси 2017-жылы өз аймагында туризмди өнүктүрүү тууралуу иш чаралардын планын даярдасын», – деди Чолпон Султанбекова.
Аны менен катар вице-премьер-министр өлкөдө туризмди жайылтууда элчиликтин өкүлдөрү жана чет мамлекеттердеги кыргыз диаспоралары менен биргеликте иш чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле Чолпон Султанбекова туризмди өнүктүрүүдөгү негизги маселелерге да токтолду. Эс алуу жайларынын жетекчилерине саркынды сууларды санитардык талапка ылайык келтирүү маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Мындан сырткары туристтердин коопсуздугун коргоодо укук коргоо органдарынын иш аракеттерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 2016-жылдагы туристтик сезондо жергиликтүү жана чет элдик туристтерди 200гө жакын эс алуу жайлары тейлеген. Эми үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында өлкөдө кышкы туризмдин расмий ачылышы өтөт.