Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын жана жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти.

Депутаттар иш сапар жүрүшүндө КМШ ПАА менен ЖККУ ПАнын пленардык сессияларына катышып, жогорку деӊгээлдеги жолугушууларды өткөрмөкчү.

Делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Алмасбек Акматов, Мурадыл Мадеминов, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Сайдолимжон Жураев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров бар.