25-ноябрга караган түнү болгон жер титирөө чыккан аймагында 4 баллды түздү.

Анын очогу Тажикстандын аймагында, Алай районунун Бор-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 148 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Силкинүү күчү Бор-Дөбөдө 2,5 балл сезилди.

Ушул эле күнү саат түнкү 2лер чамасында дагы бир жер титирөө болуп, анын очогу кыргыз-өзбек чек арасында орун алды, 3 балл болду.