Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.
Жээнбеков кеңешме жүрүшүндө «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» Программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Аталган программанын максаты өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак-жайды куруу механизмдери аркылуу жеке турак-жай алуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Жеке турак-жай менен камсыздоо маселесинин социалдык жактан маанилүү экендигин эске алуу менен «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК ишине берилген насыялар көлөмүн жогорулатуу жана өлкөнүн бардык аймактарында жеке турак-жайларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жолу аркылуу түрткү берүү керек. Мында эконом-класстагы көп квартиралуу турак-жайлардын курулушу облустук борборлордо гана эмес, турак-жайга карата муктаждык күч алган Бишкек шаарында да жүргүзүлүшү тийиш», – деди Жээнбеков.
Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы суммасы 615 млн сомдук ипотекалык насыяны 500дөн ашуун жаран алган.
«Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасына катышууну каалаган жарандардын тизмесине 6 миңге жакын адам кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жетекчилиги алып жаткан айлык акынын өлчөмүн негиздөөгө көңүл бурду.
Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында көп квартиралуу турак-жайларды куруу долбоорлорун өнүктүрүү жана энергия сактоочу технологияларды пайдалануу аркылуу квартира жана үйлөрдөгү оңдоо иштерин каржылоо үчүн кредиттик линияларды ачуу маселесинде коммерциялык банктар жана микрокредиттик мекемелер менен өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүү маселеси козголду.
Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, финансы министри Адылбек Касымалиев, архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдор катышты.