«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Санкт-Петербуг шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын бешинчи пленардык жыйынына катышты.
2016-жыл КМШ өлкөлөрүндө билим берүү жылы деп жарыялангандыктан, жыйын жүрүшүндө КМШ мамлекеттериндеги билим берүүнүн сапаты тууралуу маселе талкууланды.
Иманалиев жыйында «КМШ мамлекеттериндеги билим берүүнүн сапаты: укуктук жактан камсыз кылуу жана натыйжалуу практика. Кыргыз Республикасынын тажырыйбасы» темасында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору жаатында ой бөлүштү.