Жайыл районунда кечээ болжол менен 17:00дө Бишкек-Ош унаа жолунда «Лексус LX-470» унаасы менен «Мерседес Гигант» жүк ташуучу унаасы кагылышкан.
ӨКМ кабарлагандай, кырсыктын айынан «Лексус» унаасынын айдоочусу Э.И. аттуу жарандын буту сынып, кыпчылып калган.
Куткаруучулар анын бутун чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Мерседес унаасынын айдоочусу жабыр тарткан эмес, унаада башка жүргүнчүлөр болгон эмес.