Акүй АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын шайлоодогу көз боемочулук боюнча айткан билдирүүлөрүн четке какты.

Трамп буга чейин мыйзамсыз добуш берген миллиондогон адамдарды эске албаганда, 8-ноябрдагы элдик добуш берүүдө жеңишке жетишкенин жарыялаган.

Америка администрациясы Трамптын айткандарын колдой турган бир дагы далил жок экенин билдирди.

Трамп демократтардын талапкери Хиллари Клинтон жеңип чыккан Виргиния, Нью-Гэмпшир жана Калифорнияда добушту бурмалоолор болгонун 27-ноябрда Твиттердеги барагына жазган. Бирок эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин Клинтондун штабы Жашылдар партиясынын Висконсиндеги добуштарды кайра саноо боюнча демилгесин колдой турганын маалымдаган.

8-ноябрдагы шайлоодо республикачылардын талапкери Дональд Трамп шайлоо коллегиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушун топтогон. Клинтон болсо жалпы добуш берүүдө Трамптан 2 миллиондой добуш көбүрөөк алган.