Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля”  (“Чоор жана жер”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды.

Илимдер академиясы билдиргендей, бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жылдар мурда кабардар болгон эле. Бирок, бул чыгарманын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазманы алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз ой-пикирин билдирген. Жакында Акматалиев “Флейта и земля” чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-ж.),  “Литературный фронт” (1974-ж.)  аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1974­–1976-жылдары жарык көргөндүгүн таап чыкты.

Акматалиев Айтматов өзүнүн макалаларында, маектеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес экенин билдирген.

“Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө бул факт “Флейта и земля” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым”, — деди ал.

Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкты.

Бөлүшүү