ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен экстремизм жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да пикир алышты.

Цинхуаны элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктаган Турсунбеков Кытай Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

«Биз 2013-жылы жетишилген стратегиялык өнөктөш алакасын жакшы баалайбыз. Кыргыз тарап баардык багыттагы байланыштарды арттырууга кызыктар»,- деди.

Андан тышкары ЖКнын төрагасы парламенттер аралык кызматташтык да жогорку деңгээлде өнүгүп бара жатканын, Жогорку Кеңеште Кытай парламенти менен кызматташкан достук тобу түзүлгөнүн айтты. Ошону менен катар парламенттер аралык сапарлар ийгиликтүү уюштурулуп баштаганын кошумчалады.

Ал эми өз кезегинде элчи Сяо Цинхуа да эки тараптуу байланыштар өз ара түшүнүшүүнүн жана коңшулук жакшы алаканын негизинде жакшырып бара жатканын айтып, жаңы элчи катары эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү дагы да кеңейтүү багытында иш алып барарын маалымдады. Анын айтымында, Кытай тарап биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Мындан сырткары жолугушууда, тараптар КЭРдин элчилигиндеги консулдук бөлүмдүн ишин жаңылоо, кыргыз-кытай фондун түзүү жана интернетти Кытайдан алуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.

Бөлүшүү