Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда Орозбаков көчөсүндө жайгашкан ун-базарынын жанында мыйзамсыз ири көлөмдө көмүр кени төгүлгөндүгү аныкталды.
Жеринде көмүрдүн ээси табылып, ал Асылбек Айдарбеков экени маалым болду. Мамэкотехинспекция кызматкерлери тарабынан жер кыртышын бузгандыгы үчүн акты,протоколдор толтурулуп, айып пул салынды. Бүгүнкү күндө салынган айып толугу менен өндүрүлдү.
Ошондой эле, мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан Нарын шаарынын аймагында көмүр түшүрүп, сатуу менен алектенгендерге мыйзам чегинде иш алып баруу, жер кыртышын бузулушун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.