Бишкекте №6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61-мектептерде окуучулардын 30 пайыздан ашыгы жугуштуу ооруларга туш болуп, сабакка келбей жатканы аныкталган.

Мэриядан билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбор тарабынан Бишкектеги 34 мектеп текшерүүгө алынган.

Мектептер 30-ноябрдан 3-декабрга чейин жабылат. Медицина кызматкерлери башка билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүп жатышат.