Бул курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алганына байланыштуу.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиргендей, «Тез жардам» кызматына кайрылгандар көбөйгөндүктөн, кээ бир медициналык мекемелер 6 күндүк жумуш тартибине өтүштү.

Саламаттыкты сактоо департаменти №1-№19-Үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунун башчыларына дарыгерлер жумасына 6 күн иштеши керектиги тууралуу буйругун таратты.

Ал эми жекшемби күнү да саат 9:00дөн 15:00гө чейин кезметчилердин дайындалышын буюрган.