Гүлнара Каримованын уулу Ислам чоң атасы өлгөндөн кийин дээрлик үч ай өткөн соң Би-Би-Синин өзбек кызматына маек берип, апасынын тирүү экенин айтты.

Кенже Ислам Каримовдун айтымында, апасы атайын кызматтын көзөмөлү астында Ташкентте үй камагында жатат.

Өзбекстандын мурдагы президентинин небереси Гүлнара Каримова чет өлкөгө чыгып кетти же Ташкентте ээн-эркин жүрөт деген айың кептерди четке какты.

“Менин апамды үй камагында кармаган адамдарды чоң атам дайындап кеткен”,-деди ал. Айтымында, алар Гүлнаранын боштулушуна кызыктар эмес, себеби апасы эркиндикке чыкса алар көп суроолорго жооп берип калышы мүмкүн. Тилекке каршы, соболдорго жоопту эч ким бере албат.

Азыр Лондондо жашап жаткан Каримовдун небереси апасы менен анын сиңдиси Лоланын ортосунда атаандаштык бар экенин да айткан. Бул үчүн ал чоң атасын күнөөлөйт.

«Башында апам менен таежемдин мамилеси жакшы болчу. Алардын ортосунда чыккан ажырымга чоң атам күнөөлүү. Менин апам математикалык мектепти алтын медаль менен бүтүргөн, башкача айтканда чоң атамдын жолун жолдогон. Ал спорт менен машыккан, атүгүл кара куру дагы бар. Карьерасын баштаган. Кандай иш болбосун, таежем анын артында жүрчү. Чоң атам “эмне үчүн эжеңди тарткан эмессиң” деп Лолага көп айтчу. Кандай болбосун Лола менин апам менен атаандаша алган жок. Азыр мунун баары биздин үй-бүлөгө терс таасирин тийгизүүдө», — деди кенже Ислам Каримов.

Буга чейин Гүлнара Каримованын ууланырып өлтүрүлгөндүгү туурасында айың-кептер чыккан.