Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,7 млрд долларга жетти же өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 56,3 %ын түздү.

Бул тууралуу парламентте 2016-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатканда белгилүү болду.

Мыйзамга ылайык, ички дүӊ өнүмгө карата мамлекеттик карыздардын көлөмү 60 пайыздан ашоого тийиш. Ошондон улам, депутаттар карыздарды жабуу каражаттарынын өлчөмүнө, бул багытта кандай аракеттер жасалып жатканына кызыгышты.

Каржы министри Адылбек Касымалиевв 2016-жылдын бюджетинде бул багытта 20 млрд сот каралганын же бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8 пайызын түзө турганын, анын ичинде 11 млрд сом ички карыздарды, ал эми 9 млрд сом тышкы карыздарды жабууга жумшаларын билдирди.