Экотехинспекциянын инспекторлору тарабынан көмүр кенин талапка ылайык жайгаштыруу боюнча текшерүү  иштери жүрүүдө.

Ага ылайык Талас шаарында көмүр кенин баш аламан жайгаштырган 3 факты катталып, төмөндөгү жарандар    Джантаев, Искак уулу, Чойбеков жана Тыналиевге талаптарды аткарбай жаткандыгы аныкталды.

Жеринде инспекция өкүлдөрү тарабынынан акты, протоколдор толтурулуп, көмүрдү ташып чыгаруу же талапка ылайык жайгаштыруу боюнча эскертүүлөр берилди.  Учурда экотехинспекция тарабынан  көмүр кенин баш аламан жайгаштыруу, жер кыртышынын бузулушун алдын-алуу максатында жер-жерлерде көмүр сатуу менен алектенгендерге  түшүндүрү иштери жүрүп жатат.

3 unnamed