Бүгүн ЖМКларда ЖКнын депутаты Наталья Никитенконун өкмөт үйүнүн залдарынын бирине килемдерди жана эмеректерди сатып алуу үчүн 2017-жылкы республикалык бюджеттен 20 млн сом каралгандыгы тууралуу айтылган маалыматы чындыкка жатпайт.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы маалымдагандай, бюджеттик классификацияга ылайык, килем жана эмеректер 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренеси боюнча алынат.

Өкмөттүк аппарат 2017-жылга карата сметасы боюнча аталган чыгашалар беренесине 5 377,9 миң сом каралган. Тактап айтканда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу аталган берене боюнча каралган сумма кыскартылган. Мурдагы жылдары бул максатта 14,4 миң жана 16, 1 миң сом каралган.

Белгилесек, 2017-жылга карата республикалык бюджетте өкмөт үйүнүн «сүйрү залы» үчүн килемдерди жана эмеректерди сатып алуу үчүн каражат каралган эмес.