Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйын президенттин кечигүүсү менен башталды.

Ошондой эле маалымат жыйынга катышууга бир нече журналисттер четтетилди.

Алар «Сентябрь» телеканалынын журналисти, «Республика» гезитинин кабарчысы.

Бул боюнча Атамбаев кимдир-бирөөлөрдүн пайдасына иштеген журналисттер бар, аларды журналист деп атоого да болбой турганын айтты.

“Сентябрь” телеканалын киргизген жокпуз, бул биз Текебаевди өлкөнүн өнүгүү стратегиясын талкуулоого чакырып алып, сунуштардын ордуна ызы-чууларды угуп отурган менен барабар. Бизге мунун кереги жок, биз иштешибиз керек», — дейт Атамбаев.

Бирок ошол эле жыйында сөз эркиндиги мурункуга салыштырмалуу бир топ жакшырганын билдирген.

Жалпысынан 155 журналист аккредитациядан өтүп, 68 суроо берилди. Жыйын 4 сааттан ашык убакытка чейин созулду.

Анда президенттике татыктуу талапкерлери тууралуу кеп болгондо ким болот деген оюн айткысы келбеген президент Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов деле президенттик шайлоого барса керек деген пикирин билдирдирди.

«Мага системдүү иш алып барган жана уурулукка барбаган саясатчылар жагат. Андай бир канча адам бар. Алар КСДПда, башка партияларда да бар. Ошол эле Жогорку Кеңештин оппозициясындагы Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов деле президенттик шайлоого барса керек. Алардын бири президент болуп шайланса деле таң калбайм. Демократиялык өлкөдө мураскер болбойт. Демек, мураскер болбойт. Ал эми президенттик шайлоо 2017-жылдын октябрь айында өтөт болуш керек деп ойлоп жатам. Ага чейин дагы убакыт бар», — дейт ал.

Мындан тышкары мамлекет башчы кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөштөрү Орусия жана Кытай болушу керек экенине токтолду.

«Парламенттик демократия куруп жатканыбыздан улам бизге Европа өлкөлөрү жакын. Ал эми коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашыбыз керек деп ойлойм», — деди.

«Мегакомду» эртерээк сатып жиберүүнү колдой турганын дагы билдирди.»Мегакомду» сата албай жатканы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмаштырылганын, бирок дагы эле жыйынтык болбой жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчы экс-башкы прокурор Аида Салянованы өзү кызматтан кет деп айтканына токтолду.

«Жанымдагы адамдарга эч нерсеге карабай ишенгендиктен убагында Саляновага ишенгем. Мен алсыз адаммын. Башкы прокурор болуп турганда Аида Саляновага байланыштуу катачылык кетиргенимди качан түшүндүм. Анын күйөөсү коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы тууралуу документтер келгенден кийин. Бул да капыстан болуп калды. Энергетика боюнча министр болуп турган Осмонбек Артыкбаев Бишкектеги Жылуулук-энергия борборуна көмүр алып келүүдө маселелер орун алып жатканын айтып калды. Ким тоскоолдук кылып жатканын иликтей келгенде Аида Салянованын жолдошу чыга келди. Аны чакырып, сүйлөшүп, анан кызматтан кет дедим. Кетпесе документтер менен парламентке бармакмын. Кийин чыккандан кийин арыз жазып кеткенин айтышты» -деди президент.

Маалымат жыйын соңунда президент журналисттерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү