Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болбой турганын айтты.

Премьер-министр белгилегендей, веердик өчүрүүлөр болбойт, электр энергиясы калкка үзгүлтүксүз берилет.

«Эгерде электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар болсо, бизге ыкчам түрдө маалымдоону өтүнөбүз. Учурда бизде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык тийиштүү шарттар бар.  Техникалык көйгөйгө байланыштуу авариялык өчүрүүлөр башка маселе, бирок веердик өчүрүүлөр болбойт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, авариялык өчүрүүлөр орун алган кезде жоопкерчиликти «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК алат.