Президент Алмазбек Атамбаев БАЭ президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды жана мураскер ханзада Абу-Даби Шейх Мухаммад бин Зайед Аль Нахайянды БАЭнин түзүлгөн күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчысы биргелешкен аракеттер аркылуу кыргыз-эмират мамилелери мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык нугунда өнүгөрүнө ишенерин билдирди.
Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянга жана Абу-Дабинин мураскер ханзадасы, Бириккен Араб Эмирлигинин куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары Шейх Мухаммад бин Зайед Аль Нахайянга чыӊ ден соолук, бакты-таалай жана бакыбаттык, ал эми боордош эмират элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.