Франция президенти Франсуа Олланд эмки жылкы президенттик шайлоого Социалисттер партиясынан ат салышпай турганын жарыялады.
Бул тууралуу 1-декабрь күнү айтып, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өз партиясын “консерватизм менен экстремизмдин” үстүнөн жеңишке жетүүсүн каалады.
Серепчилер Олланд эл арасында кадыр-баркын жоготконун белгилеп келишет.
Маалыматтарга караганда, азыркы премьер-министр Мануэл Вальс социалисттердин праймеризинде ийгиликтүү талапкер болушу ыктымал. Октябрдагы сурамжылоо президентти француздардын болгону 4 гана пайызынын колдой тургандыгын көрсөткөн.
Ал эми республикачылар мурдагы өкмөт башчы Франсуа Фийонду мамлекет жетекчилигине ылайыктуу деп табышкан.