Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн сырткы саясатынын жаңы концепциясын бекитти.
Кечээ кол коюлган жарлыктын жана концепциянын тексттери укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.
Концепцияда Орусиянын сырткы саясатынын максаттары катары өлкөнүн коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодон сырткары «белгилүү бир өлкөлөр менен ынак коңшулук мамилелерди» калыптандыруу, алардын аймактарындагы жаңжалдарды жоюуга көмөктөшүү» жана «чет өлкөлөрдөгү орус жарандарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын» коргоо жөнүндө айтылат. Андан сырткары документте «эл аралык укуктун артыкчылыгы» жана БУУнун ролун бекемдөө зарылдыгы белгиленген.
Концепцияда Украина менен алакаларды «улуттук кызыкчылыктарды сактоо менен өз ара сыйлашуунун негизинде» түзүү сунушалган. Документте аннексияланга Крым, ошондой эле Донецк жана Луганск облустарындагы жаңжалдар тууралуу эч нерсе айтылган эмес.