Комитет көүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынына катышууну каалаган айрым маалымат каражаттарынын журналисттерин атайын катыштырбоого өзү кийлигишкенине наарызы.
Алар президент мамлекет башчысы катары коом тарабынан айтылган сын пикирлерди көтөрө билип жана андан жыйынтык чыгарышы керек экенин билдиришти.
«Тилекке каршы, Атамбаев өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлерге теригип, өч алуу максатындагы кадамдарга барып жатат. Мисалга алсак, өткөн жылдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналист Махинур Ниязова тарабынан президентке жакпаган собол алган үчүн журналисти кекетип, орой сөздөр менен басмырлаган. Быйыл аталган журналисттин маалымат жыйынына келүүсүнө чектөө коюп, катыштырбай койду. “Фергана” сайтына президентти сынга алган макалаларды, сөз эркиндигине болуп жаткан кысым тууралуу көз карашын жарыялап келген журналист Улугбек Бабакулов дагы маалымат-жыйындан четтетилди. Акыркы убакта президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз аракеттерин, ага айтылып жаткан айыптоолорду чагылдырганы үчүн “Сентябрь” телеканалынын журналисттерин, атап айтканда Болот Абдыжапаровду президент өзүнүн маалымат жыйынына атайын катыштырбай койгонун жыйында өзү да мойнуна алды», — деп айтылат маалыматта.
Комитет өкүлдөрү мыйндай дооматтар турганда Атамбаевди президент болуп олтурууга укугуңуз жок деп эсептешет.
«Сиз, мамлекет жетекчиси катары баарына калыс карап, ынтымакка чакыра турган сөздү айтып, көсөм болушуңуз керек эле. Бирок, дайыма журналисттерди экиге бөлүп, эл душманы атап, ал тургай алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө шек келтирип сүйлөйсүз. Бул сиздин айкөлдүгү жок, төмөн деңгээлге түшүп, жеке өчүңүздү алууга гана жөндөмдүү пенде экениңизден кабар берет», — деп жазылат.