Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык тарыхый күнү менен куттуктады.
Мындан 80 жыл мурда — 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз ССРи союздук республика катары СССР курамына кирген бул күн мамлекеттүүлүккө карай улуу бурулуш болгон. Кыргыз эли мамлекеттүүлүгүнө карай миңдеген жылдарды басып өткөн.
Куттуктоодо мамлекет башчы XX кылымда кыргыз мамлекеттүүлүгү эң оор сыноолорго дуушар болгонун айтты.
Ал 1916-жылы элдик көтөрүлүштүн жана Үркүндүн аркасынан чакан элдин бир бөлүгү жок болгонуна токтолду.
«Совет бийлигинин орношу менен элибиздин тарыхый жолу жаңы нукка бурулду. 1924-жылы 14-октябрда РСФСР курамында Кара-Кыргыз автоном облусу, 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи түзүлдү. 1936-жылы 5-декабрда СССР Конституциясы кабыл алынган күндөн тарта Кыргыз ССРи жаралып, СССР курамына тең укуктуу союздук республика катары кирди», — деп жазылат куттуктоодо.
Ошондой эле президент алдыда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөр катарына жеткирүү милдети тургандыгы тууралуу билдирди.
«Бул үчүн бизде жетиштүү ресурстар бар. Бул — биздин билимдүү жана намыстуу адамдарыбыз. Бул — биздин калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түзгөндүгү. Бул — биздин жаратылыш байлыктарыбыз. Мамлекетибиздин маарекеси кут болсун, өлкөбүздүн өркүнү өссүн! Жараткан элибизге ынтымак жана биримдик, жергебизге тынчтык жана береке берсин», — деди ал.