Ханты-Мансийск автономдуу округунда 5-декабрь автокатастрофадан набыт болгон балдарга аза күтүү күнү катары жарыяланды.

Жекшембиде акробатика боюнча балдар командасы машыгуудан кийин келе жатып, Ханты-Мансийск алдында жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Автокатастрофанын кесепетинен 13 киши өлдү. Алардын 11и өспүрүм спортчу болгон.

Тергөө аныктагандай, автобус балдарды жол полициясынын коштоосу жок ташып келе жаткан. Автоинспекция менен макулдашуу болгон эмес.

Жекшемби күнү Тюмень — Ханты-Мансийск тарссасынын 926-чакырымында автобустун айдоочусу башкарууну жоготуп, катуу ылдамдыкта жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Салондо 12ден 14 жашка чейинки 29 өспүрүм жана эки чоң киши бар болчу. Авария учурунда мындан башка дагы эки жеңил автоунаа жабыркаган.

Өспүрүмдөрдү ооруканага жеткирип бара жаткан маалда бири жолдо каза тапкан, экинчиси дарыгерлердин колунда жан берген. Өлгөндөрдүн жалпы саны –онбир.

Орусия президенти Владимир Путин 2016-жылы июлдун аягында өлкөдөгү балдардын эс алуусуна жооп бере турган бирдиктүү федералдык орган түзүүнү сунуштаган. Мындай билдирүүнү ал Карелиядагы трагедиядан кийин жасаган болчу.

Бөлүшүү