Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык майыптар күнүнө байланыштуу Бишкек шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборуна барды.

Өкмөт башчы мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды педагогикалык жана медициналык жактан реабилитациялоо жүргүзүүчү борбордун имаратын кыдырып чыгып, борбордун жамааты жана тарбиялануучулары менен баарлашты.

Мекеме директору Гүлнара Аманкулова маалымдагандай, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат, анын негизги максаты мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн көп багыттуу адискөй реабилитациялык көмөк көрсөтүү, өзүн-өзү тейлөө, эмгек терапиясы ыкмалары аркылуу алардын көзкарандысыз жашоо образына жетишүүсүнө көмөк берүү болуп саналат. Күнүнө Борборго 70 жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жактар келсе, 2016-жылдын 11 айында 300 ашуун адам келген.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жалпы күч-аракет аркылуу майыптар үчүн билим берүү, жумуштуулук, саламаттык сактоо, социалдык жана укуктук колдоо көрсөтүү тутуму сыяктуу негизги ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарыл.

«Учурда өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн социалдык колдоону каммсыздоо, социалдык жана реабилитациялык тейлөөнү өнүктүрүү, жашоосун жана пенсиялык камсыздоо сапатын жогорулатуу, медициналык жана башка тейлөөлөрдү өркүндөтүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Мамлекеттик органдар аталган категориядагы жарандардын көйгөйүн чечүүгө күч-аракетин жумшоодо. Жалпыбызды майыптардын эркинин күчтүүлүгүн, өз мүмкүндүгүнө таянуусун, алардын бактылууга жашоого умтулуудагы кайратмандыгын урматтоо сезимибиз бириктирип турат», – деди премьер-министр.