Сириянын Алеппо шаарында каза тапкандарды жерге берүү үчүн бош көрүстөн калган жок.

Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирүүдө.

Курчоого алынган райондун тургундары аба соккулардан өлгөн адамдарды өз үйлөрүнүн арткы короосуна көмүшүүдө.

Шаардын дарыгерлери белгилегендей, Алеппонун моргдору дагы өлүктөргө толду. Жергиликтүү бийлик массалык түрдө көмүү ырасымын жүргүзүүгө даяр, бирок бул үчүн керек болгон техника жок.

Адам укуктарынын корголушуна мониторинг жүргүзгөн сириялык борбордун маалыматына караганда, 15-ноябрда өкмөттүк армия козголоңчуларга карата чабуул баштагандан бери Алеппонун чыгыш бөлүгүндө 300дөн ашуун киши курман болду, алардын ичинен 40тайы жаш балдар. Акыркы үч аптанын ичинде президент Башар Асаддын күчтөрү куралдуу оппозициядан шаардын 60% тартып алды.

Сириядагы жарандык согуш учурунда Алеппо шаары зоналарга бөлүнүп калды. Батыш тарабы өкмөттүк армиянын карамагында. Чыгыш бөлүгүн сириялык козголоңчулар көзөмөлдөйт. Чоңдугу боюнча өлкөдөгү экинчи шаар болгон Алеппону толугу менен алуу – президент Башар Асаддын негизги максаттарынын бири.