Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бир катар манасчыларга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Улуттук маданияттын өнүгүшүнө, кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын бекемдөөгө жана сактоого, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн өкмөттүн Ардак грамотасы менен Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов жана Салимбай Турсунбаевдер сыйланышты. .

Премьер-министрдин атынан ысымы жазылган сааттар Саматбек Ибраев менен Дөөлөтбек Сыдыковго ыйгарылды.

Ошондой эле Замирбек Баялиевге, Асан уулу Тилекке, Камил Мамадалиевге, Сапарбек Касманбетовго жана Назаркул Сейдрахмановго алкыш жарыяланды.

«Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы жана колдоосу үчүн Премьер-министр Сооронбаев Жээнбековду «Саякбай» фондунун жетекчилиги фонддун төш белгиси менен сыйлады.

Бөлүшүү