Аламүдүн районунда Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Гоо дачалык участкасында 5-6-декабрга караган түнү жер көчкү жүргөн.

Жер көчкүдөн 1 турак үйдүн дубалы жараксыз абалга келген.

Жабыркагандар жок.

Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы менен өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

unnamed-1 unnamed-2 unnamed