БУУнун Беларустагы өлүм жазаларын айыптады. Өткөн аптада Европа биримдиги өлкөдө үч адамга карата өлүм жазасы ишке ашырылганын ырастаган — ноябрь айында камактагы Геннадий Яковицкий, Иван Кулеш жана Сергей Хмелевский өлүм жазасына тартылган.

Ага чейин, 2016-жылдын апрелинде Сергей Иванов өлүм жазасына өкүм кылынган.

5-декабрда БУУнун атайын баяндамачысы Миклош Харасти өлүм жазалары беларус бийлигинин адамдардын жашоого болгон укуктарын таптакыр барк албай тургандыгын күбөлөндүрөрүн билдирди.

Беларус мыйзамдары өлүм жазасын ишке ашырууга уруксат берген Европадагы жападан жалгыз өлкө бойдон калууда. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча 1990-жылдардан бери өлкөдө 400дөн ашык киши өлүм жазасына тартылган. Андан бери өлүм жазасы буюрулган бир гана адам өлкө президенти Александр Лукашенко тарабынан ырайым кылынган.