Бишкек мэриясы Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отко» картошка бышыргандар боюнча милицияга кайрылды.

Маалыматка караганда, 29-ноябрда жаш уландар аталган жерде картошка бышырганы тартылган видео тараган.

Калаа жетекчилиги элде терс маанай жараткан бул окуяны иликтөөнү суранып күч органдарына кайрылган. Тасмадагылардын тек-жайын аныктоого Свердлов райондук милициясы киришти.

«Өчпөс от» Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине орнотулган.