Дүйшөмбүдө Орусия менен Кытай Алепподо 7 күндүк жарашуу орнотууну сунуштаган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына вето койду.

Орусия өкүлү сунушталгандай жарашуу Асаддын душмандарына «өз күчтөрүн топтоштуруп алууга» мүмкүндүк бере турганын билдирди.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына алтынчы жолу вето коюуда.

Бул Кытайдын Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотууга багытталган резолюция үчүн добуш берүүдөгү бешинчи жолу вето коюшу.

Бөлүшүү