Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо жана эпидемияга каршы чараларды жүргүзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 10 айында өткөн жылга салыштырмалуу оору 5,8% жогорулаган. Анын айтымында, сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар меенен жабыркагандардын 64%ы 14 жашка чейинки балдар эсептелет.

«Бишкек шаардык санитардык кызматы тарабынан мектептердеги жана бала бакчалардагы балдардын келүүсүнө көзөмөл жүргүзүлүп, алардын 20%-30% ашууну ооругандыгына байланыштуу келбей жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитеттин жыйынында Бишкек шаарындагы бардык мектептерде окуу процессин токтотуу жана үстүбүздөгү жылдын 5-12-декабрына чейин карантин киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган», – деди министр.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө республика боюнча 141 мектеп жабылган. Ал белгилегендей, республиканын аймагындагы карантиндин мөөнөтү жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалдан көз-каранды.

Султанбекова сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууну жана оорунун алдын алуу боюнча калк арасында маалыматтык кампанияны күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал саламаттык сактоо жана билим берүү органдары тараптан мындан аркы окуу поцессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында комплекстүү иш-чаралардын жүргүзүлүшү маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр саламаттык сактоо министрлигине оору күчөгөн учурда мекемелердин бейтаптарды кабыл алууга даярдыгын, жетиштүү дары-дармек менен камсыздоону, оорунун алдын алуу жана эпидемияга каршы чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Облустук жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга райондук жана шаардык мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тийиштүү мекемелердин деңгээлинде сасык тумоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүү  тапшырылды.