Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум күнүнө карата Чүй облусунун Сокулук районундагы шайлоо участкаларынын даярдыгы менен таанышты.
Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы №2 мектеп-гимназиясында жайгашкан №7333 шайлоо тилкесинде 2 миң шайлоочу бар. Учурда негизги даярдык иштери аяктап, техникаларды орнотуу жана туруктуу жашаган жери каттоодо турган жарандардын тизмесин текшерүү иштери жүрүүдө.
Сокулук районунда ички миграция агымы көп болгондуктан, ар бир шайлоо участкасында 1500-2500 чейинки шайлоочулар катталган.
Бүгүнкү күндө республика боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана референдумду уюштуруу үчүн 2365 шайлоо участогу жана 54 аймактык шайлоо комиссиясы акыркы даярдыктан өтүүдө.
Мухамметкалый Абулгазиев шайлоо участкаларына отурган операторлордун айлык акысы боюнча маселеге токтолду.
«Шайлоо участкаларында иштеген операторлорго 5 миң сомдон ашык акчалай каражат төлөп берүү каралган. Учурда бардык шайлоо участкалырында даярдык дээрлик аяктап калды»,-деди.
Соңунда Биринчи вице-премьер-министр, шайлоо участкаларынын төрагаларына эгерде кемчиликтер болсо, аны тез арада тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүүнү тапшырды.