Шаршембиде америкалык мыйзам чыгаруучулар Кошмо штаттардагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча көз карандысыз атайын комиссия түзүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгелешти.

Мыйзам долбоору комиссия курамына компьютердик коопсуздук, шайлоо мыйзамдары жана сырткы саясат тармагындагы адистерди киргизүүнү сунуштоодо. Аларга күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн топтоо, угууларга расмий адамдарды чакыруу жана тергөө жүргүзүүгө зарыл болгон документтерди алуу укуктары берилет.

Бирок атайын комиссия түзүүнүн келечеги бүдөмүк бойдон калууда, анткени ал Конгресс тарабынан жактырылган күндө деле ага АКШ президенти кол коюшу керек болот. Шаршембиде Дональд Трамп The Time журналына берген маегинде Демократиялык партиянын электрондук жазышууларынын уурдалышына Орусиянын, Кытайдын, же Нью-Жерсидеги бир хакерди же башка адамдар менен уюмдардын тиешеси бар болгон болушу мүмкүндүгүн айткан.

Америкалык басылмалар жазгандай, өлкөнүн чалгындоо агенттиктеринде Орусиянын андай ишмердүүлүктөргө тиешеси бардыгынын далилдери бар.