Экотехинспекциянын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Көк-Серек айылындагы «Көк-Ала» көлүндө оперативдик рейд учурунда 152 даана маринка балыгын мыйзамсыз кармаган жарандар кармалды.

Мыйзамсыз өз алдынча балык уулап жүргөндөр Достук айылынын тургундары экени аныкталды. Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү тарабынан жеринде протокол, актылар толтурулуп 76760 сом доо айып коюлду. Учурда мыйзамсыз балык кармаган жарандарга тиешелүү буюм, заттар далил каттары сотко жиберилди. Бүгүнкү күндө келтирилген чыгымдарды өндүрүү максатында экотехинспекция өкүлдөрү соттук териштирүү иштеринде активдүү катышып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандагы балыктардын саны азайып бара жаткандыгына байланыштуу, аларды коргоо багытында экотехинспекция бир топ иш чараларды жүргүзүп келүүдө.