Эл аралык Олимпиадалык комитет допинг чырына байланыштуу Орусияга каршы 19-июлда киргизген санкцияларын белгисиз мөөнөткө узартты.

Уюмдун аткаруу комитети чектөөлөр «өзгөчө буйрукка чейин» алынбайт деген чечим кабыл алды.

Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин камкордугу алдында Орусия аймагында эч кандай спорттук мелдештер менен иш-чаралар өткөрүлбөйт дегенди билдирет.

Андан сырткары комитет спорттун кышкы олимпиадалык түрлөрүнүн бардык федерацияларын кайсыл бир эл аралык чемпионаттар менен Орусия кубокторуна «даярдык көрүүнү токтотууга» жана «альтернативдүү уюмдарга активдүү көз салууга» чакырды.

Алгач Эл аралык Олимпиадалык комитеттин Орусияга каршы киргизген санкциялары жыл соңуна чейин гана күчүндө болот деп күтүлүп жаткан.