Казакстан парламентинин мажилис депутаттары шаршембидеги жыйынында камактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан колдоп кабыл алышты.

«Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата мунапыс тууралуу» мыйзам долбоору межилиске өткөн аптада киргизилген. Андан бир канча күн мурда өлкө президенти Нурсултан Назарбаев мунапыс жарыялоо сунушун айткан болчу.

Мыйзам долбоорунда негизинен жарандардын аяр катмары, анын ичинде кош бойлуу аялдарды, эрезеге жете эле балдары бар аялдарды, улгайган эркектерди, майыптарды, ошондой эле анча оор эмес кылмыш жасагандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу сунушталган. Айрым камактагылар үчүн калган жаза мөөнөтүнүн ордуна айып төлөп кутулуу шарттары каралган.

Өткөн аптада Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Иоган Меркель мыйзам долбоорунда кастыкты козутуу. мыйзамсыз митингдерди уюштуруу жана жалган терроризм айыбы менен соттолгондорду бошотуу каралбаганын айткан. Ошондой эле мунапыс боюнча жыныстык кол тийбестикке каршы, террордук жана экстремисттик кылмыштарды кылгандар, өнөкөт кылмышкерлер жана өмүр бою эркинен ажыратылгандар эркиндикке чыга алышпайт.

Парламентте бүгүн Казакстандын башкы прокурору мунапыс 28 миңге жакын кишиге тийиштүү болуп, бирок алардын бир жарым миңдейи гана чыныгы эркиндикке чыгып, калганынын жаза мөөнөттөрү кыскартылып же түзөтүү жумуштары менен алмаштырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Бөлүшүү