Акыркы маалыматтарга караганда, Пакистандагы авиакырсыктан кеминде 40 киши каза тапты. Алардын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан табылды.

Жүргүнчү ташыган ATR-42 учагында жалпысынан 48 адам болгондугу жана кулап түшкөндө ал өрттөнүп кеткендиктен аман калгандар жок болушу мүмкүндүгү кабарланууда.

Авиакырсык Хавелиан шаарынан алыс эмес жердеги тоолордо болгон.

Азырынча учактын кулап түшүүсүнүн себептери аныктала элек.

Pakistan International Airlines авиакомпаниясынын учагы Читрал шаарынан Пакистан борбору Исламбадды көздөй бараткан.