Тажик журналисттери расмий маалыматтарга жетүүдөгү кыйынчылыктар менен көз карандысыз ММКлардын ишине басым жасоолордон улам окурмандарга так жана объективдүү маалыматтар жетпей жатканын айтып арызданышууда.

Журналисттер алардын профессионалдык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан басым жасоолорго көбүрөөк даттанышып, ондогон кесиптештери өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдире башташты.

Белгилүү тажик журналисти Раджаб Мирзонун айтымында, азыркы шартта окурмандардын ММКга болгон ишеними азайып, бийлик ар бир жарыяланган материалды кооптонуу менен кабыл алууда.

«Эки-үч жыл мурда эле окурмандар маалымат жетишсиздигин сезишкен эмес. Бул жылы абал кескин өзгөрдү – маалыматка жетүү мүмкүндүгү чектелип, бийлик социалдык түйүндөр менен жаңылыктар сайттарына бөгөт коюууда», — деди ал.

Дүйшөмбүнүн тургуну Мурод Саидов дайыма акыркы жаңылыктардан кабардар болуп турууну каалагандыктан гезиттерди сатып алып, радио угуп келгенин айтат. Бирок акыркы кездери басылмаларда кызыктуу жана актуалдуу материалдар азайып, аларды окубай калган. Анын пикиринде, мурдагы жылдары ММКлар эркинирээк болуп, курч жана сын-пикирлерди камтыган материалдарды чыгарып турушкан.

Тажикстандын көз карандысыз ММКлары улуттук ассоциациясынын маалыматына караганда, 2016-жылдын ичинде эле бийлик мыйзамдарды катаалдаштырып, ММКларга басым жасоону күчөтүү аракетин көргөн бир канча учур болуп, өз кезегинде ал журналисттердин арасында өзүн-өзү ооздуктоо деңгээлин жогорулаткан.

Журналист Алишер Зарифи акыркы кездери мамлекеттик түзүмдөрдүн басма сөз кызматтарынын ММК өкүлдөрү менен кызматташуусу начарлаганын айтат.

«Тигил же бул маалыматты тактап алуу үчүн мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтарына кайрылганда, алар жетекчиликтин реакциясынан коркуп көп нерсе айтпаган учурлар болууда», — деди ал.